• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ливерпуль - Атлетико" беттешине келип, коронавирус жуктурган 41 киши каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. "Ливерпуль - Атлетико" беттешине келип, коронавирус жуктурган 41 киши каза болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме келтирип Чемпионат сайты жазат.

11-мартта футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинде англиялык "Ливерпуль" клубу менен испаниялык "Атлетиконун" беттеши болуп өткөн. Оюн Ливерпуль шаарындагы "Энфилд" стадионунда өтүп, беттешти 3:2 эсебинде испаниялык клуб жеңип чыккан. Ал учурда Англия менен Испанияда коронавируска байланыштуу карантин киргизиле элек болгондуктан оюнга көрүүчүлөр келип, оюнга 52 миң 267 киши күбө болгон.

Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматынын отчетунда айтылгандай, "Ливерпуль - Атлетико" беттешине келгендердин арасынан коронавирус жуктурган 41 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий