• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Ливерпуль" "Барселонаны" 4:0 менен утуп, Чемпиондор лигасынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. "Ливерпуль" Чемпиондор лигасынын 1/2 финалында "Барселона" клубу менен экинчи беттештик оюн өткөрүп, өз талаасында 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Оюндагы эсепти Дивок Ориги 7 минута ачты. Экинчи таймдын башынча алмашууга чыккан Джорджиньо Вейналдум 54 жана 56 минуталарды эки гол киргизди.

Матчтын 79-минутасында Дивок Ориги дагы бир гол киргизип, эсепти 4:0 жеткизди.

Эске салсак, биринчи оюнда "Барселона" өз талаасында "Ливерпульду" 3:0 эсеби менен жеңип алган. Анда голдорду Луис Суарес (26') жана Месси киргизген (75', 82')

Бүгүн экинчи жарым финалда "Аякс" менен "Тоттенхэм" кездешет.

Турнирдин финалы 1-июнда Мадрид шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий