• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

“Ливерпуль” командасы Англиянын чемпионатындагы жеңиштери боюнча рекорд койду

Спорт 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Футбол боюнча Англиянын чемпионатынын 37-турунда “Ливерпуль” командасы “Челсини” 5:3 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Оюн “Энфилд” стадионунда өттү. Бул оюндан кийин кызылдар Англиянын чемпионатынын быйылкы сезонунда 31 беттеште жеңүүчү болуп чыкты. Бул “Ливерпуль” үчүн тарыхый рекорд болуп эсептелинет.

Белгилей кетсек, “Ливерпуль” командасы чемпионаттын 31-турунда “Манчестер Сити” командасы “Челси” командасына утулганда эле чемпион аталган. Мындан улам “Ливерпуль” клубу чемпионаттын аякташына чейин эле жеңүүчү болгон.

“Ливерпуль” Англиянын чемпионатын 1900/01, 1905/06, 1921/22, 1922/23, 1946/47, 1963/64, 1965/66, 1972/73, 1975/76, 1976/77, 1978/79, 1979/80, 1981/82, 1982/83, 1983/84, 1985/86, 1987/88, 1989/90, 2019/2020-жылдагы сезонунун жеңүүчүсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий