• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ливерпуль” менен “Бавария” ойносо, “Манчестер Юнайтед” менен “ПСЖ” таймашат - чучугулактын жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Ньондо УЕФАнын чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын чучугулак тандоосу болуп өтөт. Бул тууралуу UEFA.com жазып чыкты.

Жыйынтыгында “Ливерпуль” менен “Бавария” беттешсе, “Манчестер Юнайтед” “ПСЖга” каршы оюн өткөрөт. Ошондой эле италиялык “Ювентус” испаниялык “Атлетико” менен ойнойт.

УЕФАнын чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын чучугулагынын жыйынтыгы:

“Шальке-04” (GER) – “Манчестер Сити” (ENG);

“Атлетико” (ESP) – “Ювентус” (ITA);

“Манчестер Юнайтед” (ENG) – “Пари Сен-Жермен” (FRA);

“Тоттенхэм” (ENG) – “Боруссия” Дортмунд (GER);

“Лион” (FRA) – “Барселона” (ESP);

“Рома” (ITA) – “Порту” (POR);

“Аякс” (NED) – “Реал” (ESP);

“Ливерпуль” (ENG) – “Бавария” (GER).

1/8 финалынын алгачкы оюндары 12-13-февраль жана 19-20-февраль күндөрү өтөт. Жооптук беттештер 5-6-март жана 12-13-мартта болот.

Пикир

Оставить комментарий