• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Ливерпуль" менен "Наполинин" оюну 1:1 эсебинде аяктады

Спорт 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда Чемпиондор лигасынын 5-турунда англиялык "Ливерпуль" клубу менен италиялык "Наполи" командалары оюн өткөрдү.

"Энфилд" стадионунда өткөн оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Беттештин 21-мүнөтүндө "Наполинин" чабуулчусу Дрис Мертенс эсепти ачты. Ал эми экинчи бөлүктүн 65-мүнөтүндө англиялык клубдун коргоочусу Деян Ловрен гол киргизип, эсепти 1:1ге айлантты.

Эки команданын оюну тең чыгуу менен аяктаганына карабай, E тайпасында "Ливерпуль" 10 упайы менен алдыда турат. Италиялык клуб 9 упайы менен экинчи орунда келе жатат.

Эскерте кетсек, "Ливерпуль" клубу Чемпиондор лигасынын 2018-2019-жылкы сезонунун чемпиону аталган.

Пикир

Оставить комментарий