• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ливерпуль" – "Тоттенхэм" Чемпиондор лигасынын финалында ойношот

Спорт 0

Бишкек. 09.05.19 /Кабар/. "Тоттенхэм" Чемпиондор лигасынын 1/2 финалында "Аякс" клубу менен экинчи беттештик оюн өткөрүп, конокто 3:2 эсеби менен жеңип, финалга чыкты.

Оюндагы эсепти 5-минутада Маттейс Де Лигт ачты. Хаким Зиеш 35-минутада эсепти эки нөлгө жеткирди.

Биринчи оюнда дагы "Аякс" 1:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Бирок "Тоттенхэмдин" футболчулары аягына чейин оюн көрсөтүп, өз максатына жетишти. Лукас Моура беттештин 55', 59' жана 90' минуталарында гол киргизди.

Жалпы эсеп 3:3 болуп, "Тоттенхэм" конокто көп гол киргизген көрсөткүч менен кийинки баскычка өттү.

Эске салсак, "Ливерпуль" Чемпиондор лигасынын 1/2 финалында "Барселона" клубун 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Турнирдин финалы 1-июнда Мадрид шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий