• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө аймагы боюнча өткөн ишембиликке 610 миңден ашык адам катышты

Коом 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Өлкө аймагы боюнча өткөн ишембиликке 610 миң 343 адам катышты. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Эко Деми" коомдук фонддун жетекчиси Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, ишембиликке калктын 20%ы чыккан. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп. Өлкөнүн баардык облустарынан ыктыярчылар тарабынан дээрлик 900 миң тонн таштанды чогултулган.

"Биз эки жыл аралыгында ар түркүн өнөктөштөр, жаштар кыймылдары менен иштеп келүүдөбүз. Бул жолку иш-чарага эң кичүү 1,5 жылдык баладан тарта 82 жаштагы улгайган адам катышты. Мурунку жылы мамлекеттик кызматкерлер жардам берсе, мында ишкерлер, студенттер, мектеп окуучулары, белгилүү адамдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, дыйканчылык менен алектенгендер да биздин катарга кошулду", - дейт "Эко Деми" коомдук фонддун жетекчиси.

Ысык-Көл облусу боюнча координатору Рахат Лаяшукурова, ыктыярчылар Балыкчы шаарынан баштап Караколго чейинки аймактарды тазалагандыгын айтат.

"Чолпон-Атадагы эс алуучу жайы болбогон жээктерде балдардын жалаягынан тарта тамекилердин калдыктарын тазалашты. Суучулдар көлдүн түбүн тазалашып, канча деген желим бөтөлкөлөрдү алып чыгышты. Ыктыярчылар, жергиликтүү тургундар жана башкалар парк, капчыгайлардын баарын тазалоого аракет жасашты", - деди Лаяшукурова.

Катышуучулар бир гана таштандыларды чогултпастан аны бөлүштүрүүнү да үйрөнүштү. Желимдерди өзүнчө, ал эми, шишелерди өзүнчө чогултулган. Чогулган таштандылар "Тазалык" ишканасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий