• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу боюнча кезектеги жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.02.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө өлкө аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу айтып берди. Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок, вирусту аныктай турган экспресс-тесттердин саны жетиштүү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кытай Эл Республикасында илдетке чалдыккандардын арасында биздин мекендештер жок.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ар кандай вирустук инфекциялардын алдын алуу максатында өздүк гигиенаны сактоо боюнча мектептерде жана бала бакчаларда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Штабдын мүчөлөрү ошондой эле жарандарды коомду дүрбөлөңгө салган тастыкталбаган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого чакырды. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде кырдаалга көзөмөл жана мониторинг жүргүзүп, кабыл алынган коопсуздук чаралары тууралуу коомчулукка өз учурунда маалымат берилүүдө.

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга керектөөчүлөр колдонгон медициналык дары-дармектердин жана товарлардын наркына мониторинг жүргүзүүнү улантуу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда, зарыл болгон профилактикалык чаралар кабыл алынган. Зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий