• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген унаа кармалды - Бажы кызматы

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген унаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери “Достук” өткөрмө пунктунда 2008-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Hyundai Grand Starex” маркасындагы унааны мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташты.

Унаанын кузов номери менен каттоо күбөлүгүндөгү номер дал келбей, анын документтери жасалма болгондугу аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий