• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген унаалар кармалды. Келтирилген зыян 6 млн сомдон ашуун

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген унаалар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келген 2002-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Toyota RAV 4”, 2012-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Hyundai Sonata ” жана 2007-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Volvo-FH440” үлгүсүндөгү унааларды кармашты.

Бул фактылар боюнча төлөөгө тийиш болгон бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 4 млн 895 миң 915 сомду түзөт.

Мындан тышкары, “Volvo-FH12” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын чыгарылган жылын өзгөртүү менен так эмес декларациялоо фактысы “Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан аныкталды.

Бул факт боюнча төлөөгө тийиш болгон бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 1 млн 361 миң 24 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий