• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР сымап камтылган товарларды ташып келүү жүрүмүн жөнгө салуу чаралары каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште сымап камтылган товарларды жана алардын калдыктарын урунуу жаатында экономикалык механизмдерди киргизүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (сымап камтылган товарлары ташып келүүнү жөнгө салууга тиешелүү)” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин айтымында, иштен чыккан сымап камтылган буюмдар уулуу сымаптын жана башка зыяндуу заттардын адамдын байыр алуу чөйрөсүнө чыгуу булагы болуп саналгандыктан, аларды тандап чогултуу жана кайра иштетүү зарылдыгы жаралууда. Ошондон улам, экологиялык жагымсыз өнүмдөргө атайын төлөмдөрдү киргизүү, алынган каражаттарды экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу чаралары каралууда.

Өлкө аймагында жүгүртүүдөгү сымап камтылган өнүмдөрдүн жетиштүү саны анын калдыктарынын көбөйүшүнө, демек, экологиялык тобокелдиктердин деңгээлинин жогорулашына алып келет. Мындай товарлардын түрлөрүн өндүрүүнү жана ташып келүүнү чектөөгө, ошондой эле аларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн каржылык базаны камсыз кылууга багытталган экономикалык механизмдерди киргизүү чаралары каралууда.

Айрым депутаттар сымап кошулуп жасалган буюмдардын калдыктары башаламан ташталып жатканын, ошондуктан аларды өзүнчө чогултуп, кайра иштетүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий