• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө аймагынан чыкпоо эскертилген кыргызстандык Казакстанга кетүүгө аракеттенген

Коом 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. “Чалдыбар – автожолу” көзөмөл-өткөрмө жайында кыргыз-казак чек арасын көзөмөл пунктун айланып өтүүнү каалаган Кыргызстандын жараны кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, бузуучу 21-январда кармалган.

1985-жылы туулган Кыргызстандын жараны Н.З. Казакстанга өткөрмө пункттан тышкары өтүүгө аракеттенген. Себеби ага карата республиканын аймагынан тышкары чыкпоо чарасы белгиленген.

Документтер түзүлгөн соң кармалган адам КР ИИМ аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий