• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө аймагында 10-14-февралда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.02.18. /Кабар/. КР ӨКМ кызматы өлкө аймагында жакынкы күндөргө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 10-13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү көтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 мертге жетет.

14-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий