• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө аймагында 20нан 23-июлга чейин абдан ысык болот

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. 20-23-июлдарда Кыргыз Республикасынын көпчүлүк аймактарында абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 4…6° жогору болуп, дыйканчылык аймактарда кургак жана ысык аба-ырайы сакталып турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине синоптиктер билдиришти.

Алсак, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22°, күндүз 34…39°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18°, күндүз 32…37°, тоо этектеринде түнкүсүн 12…17°, күндүз 28…33°, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 20…25°, күндүз 35…40°, тоо этектеринде түнкүсүн 16…21°, күндүз 33…38°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 14…19°, күндүз 27…32°, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12…17°, күндүз 31…36º, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, бийик тоолордо түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18 жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Пикир

Оставить комментарий