• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө аймагында 20нан 25-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 19-мартынан 22-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу бар,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка - Ак-Таш жолдоруна көчкү түшүшү мүмкүн.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону сунуштайт:

- ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көнүл буруу;

- тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

- кышкы дөңгөлөктөр;

- күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз “112” кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Өлкө аймагында 20-21-мартта жана 22-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

22-мартта күндүз Кыргыз тоо кыркаларында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-мартта Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт,-деп билдирет ӨКМ кызматы.

Пикир

Оставить комментарий