• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өлкө аймагында 3-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-31-мартта жана 1-2-3-апрелде Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда чаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

1-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жана Ысык-көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтулбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

2-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.

3-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий