• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкө аймагында 3-майга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Өлкө аймагында 27нен 3-майга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат.

27-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймыктарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймыктарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

28-30-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаа-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

2-3-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий