• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ноокат районунда, (Ош облусу) Ош-Исфана жолунун 25-чакырымында "Мердедес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаанын алдынкы бөлүгү жана унаадагы документтер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Өзгөн районунун (Ош облусу) Коммунист айылынын Пионер көчөсүндө турак үй толугу (90 чарчы метр) менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ноокен районунун (Жалал-Абад облусу) Масы айылынын Кочкоров көчөсүндө турак үйдүн эки бөлмөсү (45 чарчы метр) жана үй буюмдары күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий