• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Ысык-Атада оор жүк ташуучу унаа өрттөнгөн

Кырсык 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкектин Ак-Тилек-2 конушунда турак үйдүн 20 чарчы метр шыбы жана устундары күйгөн.

Токмок шаарынын Жантай көчөсүндө күйүүчү май сакталган контейнер, 500 литр күйүүчү май (бензин) жана 3 даана дөңгөлөк күйгөн.

Ысык-Ата районунун (Чүй облусу) Чолпон айылынын Токтогул көчөсүндө "MAN" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кадамжай районунун (Баткен облусу) Сары-Алтын айылында "Мерседес-Спринтер" унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кызыл-Кыя шаарынын (Баткен облусу) Жамбыл көчөсүндө турак үйдүн 72 чарчы метр ички жасалгасы жана үй эмеректери күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий