• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош шаарынын Культурный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, үйдүн 57 чарчы метр чатыры, 2 тонна көмүр, 100 жуп көлөч, 2 куб отун күйгөн. Андан тышкары, ал үйдөн чыккан өрт жанаша турган Культурный көчөсү менен Гагарин көчөсүндөгү үйлөргө өтүп, алардын 30 чарчы метр чатыры күйгөн.

Ноокат районунун (Ош облусу) Гүлстан айылынын Аланазаров көчөсүндө турак үйдүн 40 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн.

Ак-Талаа районунун (Нарын облусу) Баетов айылынын Манас көчөсүндө "Мерседес-Бенц Спринтер" жүк ташуучу унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий