• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкө аймагында «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. 27-февралда Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев КИУнун проректору Авдибаси Матраимов менен биргеликте «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсунун алкагында Кыргызстан Ислам университетинде болду.

Аталган конкурс Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте өлкөнүн бардык аймагында өткөрүүдө.

Иш-чарада туфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев конкурстун катышуучуларына ийгиликтерди каалап, китеп окуу конкурсунун башкы максатына токтолду.

“Тарбия жашоонун эрежесин үйрөтсө, билим болсо анын табылгыс куралы болуп эсептелет. Бүгүнкү сынактын максаты китеп аркылуу элибиздин жан дүйнөсүн байытып, коомго билимдүү, мамлекетибизге өз салымын кошкун муундардын өсүп чыгышына салым кошуу. Сынакка сунушталган китептер илимий жактан, тарбиялык жактан да маанилүү болгондуктан окурмандар динибиздин асыл баалуулуктарын, Пайгамбарыбыздын өмүр таржымалын, шариятыбыздын көрсөткөн жолу туурасында кенен маалымат алышмакчы”,-деди Жоробай аы Шергазыев.

Китеп окуу конкурсу 5 китептин негизинде өтүп жатат. “Билимдүүгө дүйнө жарык” китеп окуу конкурсунун алкагында:

1. Мечит имамдары жана диний кызматкерлер “Фикх” китеби боюнча;

2. Окуу жай устаздары “Усул хадис” китеби боюнча;

3. Диний окуу жай студенттери, бүтүрүүчүлөрү, теологдор “Усул фикх” китеби боюнча.

Бардык жарандар үчүн “Окуган муун жарын келечек” китеп окуу конкурсу боюнча:

4. “Мусулмандын адеби”

5. “Фыкх Ас-Сира”

Сынактын жыйынтыгы ушул жылдын 13-мартында чыгарылат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу салтанат менен өткөрүлөт. Баш байге Бишкектен бир бөлмөлүү батир. Мындан тышкары калган орундарга Умра сапары жана акчалай сыйлыктар, баалуу белектер берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий