• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкө аймагында бир сутка ичинде 8 өрт катталды

Коом 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Өлкө аймагында бир сутка ичинде 8 өрт катталып, аны өчүрүү үчүн 8 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, кечээ, 1-февралда саат 15:45 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Кара-Булак айылынын Молдо Аалы көчөсүндөгү №3 даректе турак үйдүн 20 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:41де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий