• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө аймагында бир суткада 13 өрт катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 13 өрт кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрттөрдү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкектеги Мессароша жана 9-январь көчөлөрүнүн кесилишинде 7 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Исфана шаарындагы Чымген айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Натыйжада турак-үйдүн 99 чарчы метр болгон төрт бөлмөсү күйгөн. Азырынча өрттүн себеби белгисиз.

Балыкчы шаарынын Нарын көчөсүндө “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий