• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында республика боюнча дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-июль күнү өлкө боюнча 70 011 м2 имараттын ичи, тышы жана 266 3000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 66 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 37 300 погондук метр унаа жол жана 15 000м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 126 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 7000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 30 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 400 м2 имараттын ичи, 8831м2 имараттын сырты жана 202200 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 187 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 5900 м2 имараттын ичи, 9250 м2 имараттын сырты жана 12000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 88 кг хлор колдонулду;

Ош облусунда 8180 м2 имараттын ичи, 12450 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 21 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 7800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 14 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 4500 м2 имараттын ичи, 5500 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 5,5 литр суюк хлор колдонулду.

Эскерте кетсек, залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий