• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Өлкөдө коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-майында өлкө боюнча 41 800 погондук метр унаа жолдор, 4150 чарчы метр имараттын ичи, 47 820 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 51 970 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган.

“112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 470 чалуу катталып, анын ичинен 165 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 508 кызматкер жана 40 унаа тартылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий