• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өлкө аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун берген билдирүүсүнө ылайык, жер титирөө бүгүн, 3-июлда түнкү саат 01:39да катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Кызыл – Туу айылында, Шамалды-Сай шаарында 2,5 балл, Кум жана Теңдик айылдарында 2 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий