• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өлкө аймагында коронавирустан 3 миң 761 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагында коронавирустан жалпы 3 миң 761 адам дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стационарда 1 миң 960, амбулатордук түрдө 1 миң 801 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 14-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 330 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 50 миң 201ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 884 киши айыгып чыкты, 1 миң 94 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий