• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Абхазиянын мамномери тагылган унааларды аныктоо боюнча рейд жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында Абхазия Республикасынын мамлекеттик номери тагылып, мыйзамсыз жүргөн 10 автоунаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБдин бажы аймагына бажы көзөмөлүндө турган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасына мыйзамсыз ташылышын жана алардын эксплуатациялоосун токтотууга багытталган Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында, 2021-жылдын 15-мартында Абхазия Республикасынын мамлекеттик номурлуу унааларына карата ЕАЭБ бажы мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана бөгөт коюу боюнча бир катар чаралар көрүлдү.

Ошентип, 2021-жылдын 16-мартынан тартып КРнын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик жол кыймылынын камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте КРнын жарандарынын башкаруусундагы Абхазия Республикасынын мамлекеттик номурлуу автоунаалары токтотулган.

ЕАЭБ Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелеринде көрсөтүлгөн, ЕАЭБдин бажы аймагына убактылуу ташылып келинген транспорт каражаттарын пайдалануунун шарттарын сактабагандыгына байланыштуу, Абхазия Республикасынын мамлекеттик номурлуу автоунаалары "Бажы инфраструктурасы" Мамлекеттик ишканасынын аймагында жайгашкан бажы көзөмөл аймагына жеткирилген. Жалпы 10 автоунаа кармалды.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, Абхазия Республикасынын мамлекеттик номурлуу автоунааларына карата катар иш-чаралар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлөрүлөт

Пикир

Оставить комментарий