• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө аймагында оңдоодон өтүп жаткан ооруканалардын жетөөсүндө иштер бүттү – өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Өлкө аймагында 4-сентябрга карата оңдоодон өтүп жаткан ооруканалардын жетөөсүндө иштер бүттү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, калган ооруканаларда иштер толук кандуу жүрүп жатат.

"Эл арасында Бишкек шаарында курулуп жаткан инфекциялык ооруканага айтылган сындар көп болууда. Айта кетүүчү нерсе, оорукананын учурда 70 пайызы бүткөрүлдү. Бул оорукана тез курулуучу атайын конструкция менен тургузулган. Ал ар кандай инфекциялык ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүүгө пландаштырылып, салынууда. Аны менен бирге дары-дармектердин запастары камдалып, фарм компаниялардын аларды алып келүүсү боюнча маалыматтар күнүгө такталып турат", - дейт ал.

Боронов салынып жаткан ооруканалар медициналык техника жана эмеректер менен толук жабдыларын айтат.

Премьер-министр кошумчалагандай, Кыргызстанда төмөнкү ооруканалар оңдоп-түзөөдөн өттү:

1.Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик-лицейдин профили өзгөртүлдү – 150 орундуу оорукана;

2.Орловка шаарындагы 45 орундуу оорукана толук оңдолду;

3.Баткен шаарындагы поликлиниканын эски имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 90 орундуу оорукана болду;

4.Жалал-Абад шаарында хирургиялык борбору – 100 орундуу;

5.Көк-Жаңгак шаарындагы калкты медициналык тейлөө борбору – 60 орундуу;

6.Каракол шаарында облустук бириккен оорукананын башкы бөлүмү – 150 орундуу;

7.Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукана – 70 орундуу.

Пикир

Оставить комментарий