• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө аймагында оңдоодон өтүп жаткан ооруканалардын жетөөсү жакында иштей баштайт - Боронов

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Өлкө аймагында оңдоодон өтүп жаткан ооруканалардын жетөөсү жакында иштей баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, ооруканалар бүткөрүлсө 1 миң 100дөн ашык орундук түзүлөт.

"Буга чейин өлкө аймагында 12 оорукана, анын ичинен үчөөнү жаңы салуу боюнча айтканбыз. Бүгүнкү күндө анын жетөөсү толук бүттү. Учурда ал ооруканаларды эмерек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Жакынкы күндөрү иштеп баштайт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий