• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкө аймагында сутка ичинде күчү 3 баллга жеткен 2 жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында сутка ичинде күчү 3 баллга жеткен 2 жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-февраль күнү саат 10:23тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Силкинүү Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Өтөк, Лангар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 27-февраль күнү саат 21:00дө өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий