• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкө аймагында төрт күндүн ичинде 39 миң адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда төрт күндүн ичинде 39 миң адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эмдөө азыркы учурда COVID-19дан сактоонун бирден-бир жолу болуп саналат.

"Бүгүн республика боюнча массалык эмдөөнүн 4-күнү өтүп жатат, андан 39 миң жараныбыз өттү. Ошондой эле сиздерди биздин борборлордон эмдөөдөн өтүп, өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынан сактоону суранабыз. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө 162 интенсивдүү реанимациялык бош керебет бар. Бирок биз дагы кошумча орундуктарды даярдап жатабыз, стационарлар да даярдалды. Республикалык штабдын чечимин ишке ашыруу максатында реанимациялык керебеттерди 30%га жеткирүү боюнча иштер жүрүүдө”, - дейт ал.

Рахматуллаев республика боюнча 6 миң 532 орундук болсо, анын 2 миң 291и Бишкекте экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий