• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө аймагында табигый кырсыктардан сактануу боюнча окуулар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорундагы, ошондой эле Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Алай райондорундагы потенциалдуу кооптуу айылдарында жашаган калкты табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактануу ыкмалары боюнча окуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуулар потенциалдуу коркунучу бар аймактарда жашаган калкты табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар мезгилинде, тактап айтканда азыркы күнү күчөгөн жер көчкү, сел коркунучу туулганда жана жүргөн мезгилде жүрүм-турум эрежелерин, сактануу ыкмалары боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүлдү.

Окуунун жүрүшүндө угуучуларга жеринде барып окутуу программасынын негизинде жана тематикасына ылайык аталган аймакта табигый жана техногендик мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдар боюнча маалыматтар, калкты кабарландыруу системасы боюнча, кандай учурларда жана кандай тартип боюнча калкты көчүрүү (эвакуациялоо) иш-чаралары, өзгөчө кырдаал катталган учурларда өздөрүн алып жүрүү эрежелери, сактануу ыкмалары жөнүндө, ошондой эле райондордогу медицина кызматтарынын өкүлдөрү тарабынан алгачкы дарыгерге чейинки тез жардам көрсөтүү ыкмалары, коомдук тартипти сактоо кызматынын өкүлдөрү тарабынан табигый кырсыктар туулганда кызматтын функционалдык милдеттери жана кылмыштарды жана терроризмдин алдын алуу жолдору жөнүндө, ал эми өрткө каршы кызматынын кызматкери өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча терең маалыматтар берилди.

Белгилей кетсек, окууларга жалпысынан 2862 угуучу катышты. Алардын ичинен:

- Чүй облусунун Москва районунун Первомайский айыл аймагынын Ак-Суу айылынын жана Сркетенка айыл аймагынын Сркетенка айылынын тургундары менен «ЖАСДК жана жер титирөө учурунда өзүн өзү алып жүрүү эрежелери” боюнча окуу өткөрүлдү, окууга - 250 адам катышкан. Ал эми Селекционное айылынын тургундары менен «ЖАСДК жана өрт учурунда өзүн өзү алып жүрүү эрежелери” боюнча окуу өткөрүлүп, окууга - 63 адам катышты, ушундай эле окуулар Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айылынын жана Кайназаров айыл аймагынын Чат-Көл айылынын тургундары менен өткөрүлүп, ага 174 адам катышты.

- Ош облусунун Араван районунун Нур-Абад айыл аймагында расмий катталган 3 калктуу конуш бар. Өткөрүлгөн окуулар аймактагы 3 айылдын тургундарынын катышуусунда айылдагы маданият үйүндө уюштурулуп өткөрүлдү. Окууга жогоруда аталган 3 айылдын айыл башчылары, айыл аймактык кеңешинин депутаттары, айылдагы орто мектептеринин мугалимдери, КР ӨКМнин Араван райондук бөлүмүнүн ЖК жана өрт коопсуздугу боюнча офицерлери катышты. Ал эми Чек-Абад айыл аймагынын Кочубаев айылынын жашоочулары менен окуулар айыл өкмөттүн жыйындар залында өткөрүлдү.

Араван районунун калкы негизинен дыйканчылык менен алек болгондугуна жана жаз мезгилинде жаан-чачын убактарында суулардын деңгээли көтөрүлүп, эгин талааларга зыян келтирилгендигине байланыштуу, окуунун жүрүшүндө аймактагы Араван сай дарыясында суу ташкындарынын алдын алуу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралары жөнүндө көптөгөн суроолор көтөрүлдү. Жалпысы Араван районунун эки айыл аймагынан окууларга 88 угуучу катышты.

- Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагында расмий катталган 5 калктуу конуш бар. Өткөрүлгөн окууларга 5 айылдын тургундары келип катышышты, айыл башчылары, айылдык аймактын башчысынын орун басары, жооптуу катчысы, ӨК боюнча адиси, жергиликтүү кенештин депутаттары, айылдагы орто мектептеринин мугалимдери, КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын ЖК боюнча орун басары, бөлүмдүн башкы адиси жана башкалар болуп жалпысынан 105 адамды түздү.

- Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу Лангар айылынын Папан айыл аймагынын Алчалуу, Ак-Терек жана Каратай айылдарынын тургундары үчүн окуулар айылдагы орто мектептерде өткөрүлүп, ага 837 киши катышты.

- Алай районуна караштуу Гүлчө айыл аймагындагы Таш-Коро, Жылуу-Суу айылынан, Корул аймагынын Кен-Жылга жана Тогуз-Булак айылдарынын жашоочулары өткөрүлгөн иш-чарага активдуу катышып, көптөгөн суроолоруна жооп алганга жетишти. Ал эми Жошолу айыл аймагында окуулар айыл өкмөттүн жыйындар залы бош эместигине байланыштуу талаа жеринде өткөрүлдү. Түшүндүрүү иштердин ушундай өткөрүү ыкмасы бир жактан пайдалуу болду, себеби аталган иш-чара суу ташкыны көп катталган жерге жакын жайгашкан жерде өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу, окуу аягында жергиликтүү калк көптөгөн көйгөйлүү маселелерин чечип алууга мүмкүнчүлүк алышты. Жалпысы өткөрүлгөн иш-чарага Алай району боюнча 626 угуучу катышты.

Адистердин айтымы боюнча, бүгүнкү күнү эң кооптуу деп табылган Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер, Чангет жана Жалпак-Таш айыл аймактарындагы айылдарынын жашоочулары менен өткөрүлгөн окууларда басым негизинен жер көчкү жана сел темаларына жасалды. Аталган аймактардан жалпысынан 719 киши катышты.

Пикир

Оставить комментарий