• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө аймагында өткөн “Ууру” иш-чарасынын алкагында 547 кылмыштын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Өлкө аймагында криминогендик кырдаалды турукташтыруу, уурулук боюнча адистешкен кылмыштуу топторду, ошондой эле кылмыштуу жол менен алынган мүлктөрдү алууга жана сатып алууга катышкан адамдарды аныктоо жана бетин ачуу максатында “Ууру” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

ИИМден билдиришкендей, 15-16-февраль күндөрү өткөн иш-чарага 2700дөн ашык кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери, милициянын участкалык инспекторлору жана балдардын иштери боюнча инспекторлору жана башка кызматтардын кызматкерлери тартылган.

Кеңири масштабдагы иш-чаранын негизги максаты — уурулук менен алектенген кылмыштуу топторду, уурдалган буюмдарды сатуучу жайларды аныктоо, өткөн жылдардагы кылмыштардын бетин ачуу, жарандарга мүлккө кылмыштуу кол салуулардан мыйзамдуу коргоонун каражаттары жана ыкмалары жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.

Мындан тышкары, мүлктүк кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Рейддик алдын алуу иш-чаралардын жүрүшүндө 547 кылмыштын, анын ичинде мурда жасалган 300 мүлктүк мүнөздөгү кылмыштын бети ачылган. Ошондой эле уурулук боюнча 134, тоноону изин суутпай ачуу боюнча 7, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 4 кылмыштын бети ачылып, 4 ок атуучу курал алынган. Уурулук боюнча адистешкен 8 топ аныкталып, анын ичинде батир жана чөнтөк уурулук менен алектенген адамдар кармалышкан. Ошондой эле кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 26 адам кармалган.

Пикир

Оставить комментарий