• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. 22-августта күндүз жана 23-24-августтарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 23-24-августта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

23-24-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий