• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкө аймагындагы 10 ооруканада курулуш жана оңдоо иштери аяктады – Бөрүбаев

Коом 0

Бишкек, 22.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өлкө аймагындагы 10 ооруканада курулуш жана оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу быйыл Кыргызстандын аймагында 14 саламаттык сактоо объектисин куруу жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырмасы коюлган.

"Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жугуштуу оорулар ооруканасы курулуп, калган объектилерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлмөк. Республикалык бюджеттен эсебинен эки объекттин курулушу жүргүзүлдү. Ага 444 млн 300 миң сом сарпталды. Учурда 14 оорукананын 10у пайдаланууга берилди. Анда жалпы 1 миң 141 орундук түзүлдү", - дейт ал.

Бөрүбаев калган 4 объектте курулуш иштери жүрүп жатканын айтат.

"Ош облусунун Чайчы айылында, Ош, Нарын жана Жалал-Абад шаарларында иштер уланып жатат. Жылдын аягына чейин жалпы 1 миң 426 орундуу ооруканалар бүткөрүлөт. Ошондой эле медициналык мекемелерди меджабдыктар, эмеректер менен камсыздоого республикалык бюджеттен 12,7 млн сом бөлүнгөн", - деди статс-катчы.

Пикир

Оставить комментарий