• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкө аймагындагы 33 миңден ашуун объектинин санитардык талаптарга шайкештиги текшерилди

Коом 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Өлкө аймагындагы 33 миңден ашуун объектинин санитардык талаптарга шайкештиги текшерилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 30-апрелден тартып 28-сентябрга чейин жалпысынан 33 миң 56 текшерүү жүргүзүлгөн, анын ичинде коомдук тамактануу жайлары – 19,6%, соода сатык түйүндөрү – 25,2%, сулуулук салондору – 5,2%, транспорт кызматтары – 5,4%, желимдөө, СТО – 7,4%, мектеп, бала-бакча – 5,0% жана башка объектилер – 32,2%.

Баардыгы болуп 15 миң 334 санитардык талаптар берилген. Өкмөттүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 "Коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомунун талаптарын аткарбагандыгы үчүн жалпысынан 4 миң 775 протокол түзүлгөн, анын ичинен 4 миң 752 учурга айып салынган.

Салынган айыптын жалпы суммасы 8 млн 461 миң сомду түзөт. Анын ичинде коомдук тамактануу жайлары – 36,0%, соода-сатык түйүндөрү – 22,7%, базарлар – 3,0%, тамак-аш өндүрүүчү жайлар – 2,0%, медициналык мекемелер – 5,9%, сулуулук салондору – 5,7%, транспорт кызматтары – 4,0%, СТО, желимдөө, авто жуучу жайлар – 4,0%, бала бакчалар, мектептер – 7,0% жана башкалар – 9,7%.

Пикир

Оставить комментарий