• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө аймагындагы диний окуу жайлар текшерилет - муфтият

Коом 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Жаңы окуу жылына карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерет. Мындай чечим кечээ, 20-сентябрда өткөн жыйында кабыл алынган, - деп билдиришти муфтияттан.

Маалыматка ылайык, диний окуу жайлардын жаңы окуу жылына карата даярдыктары, план-программалардын түзүлүшү, мугалимдер менен окуучулардын даярдыктары, окуу жайлардын тазалыгы, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы, санитардык абал тыкыр текшерилет.

Муну менен катар КМДБнын окуу бөлүмү жер жерлердеги диний окуу жайларда өзгөчө кырдаалдар жана өрт өчүрүү кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ар кандай кырсыктардын алдын алуу иштерин башташмакчы.

Пикир

Оставить комментарий