• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өлкө аймагындагы имамдарды окутуу башталды - муфтият

Коом 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аталышындагы темада региондордогу дин кызматкерлерин Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутушуп, алардын квалификацияларын жогорулатышууда. Окуу семинары ар бир облуста өткөрүлүп, ага өлкөдөгү бардык имамдар катышат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу семинарынын алгачкы бөлүгү кечээ Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталып, имамдар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча өздөрүнүн билимдерин тереңдетишүүдө.

"2018-жылдагы пландык иш-чараларыбыздын негизинде аймактагы имамдарыбызды Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окута баштадык. Окутуу иштери бардык облуста уюштурулмакчы. Окуу семинары менен кошо эле КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү тарабынан даярдалган «Жума хутбалары» аттуу китепти таратабыз", - деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Пикир

Оставить комментарий