• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРдагы медициналык мекемелердин курулушу жана оңдоп-түздөө иштери аяктап, жабдуулар орнотулууда

Өкмөт 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Өлкө аймактарындагы медициналык мекемелердин курулушу жана оңдоп-түздөө иштери дээрлик аяктап калды, учурда керектүү медициналык жабдуулар, эмеректер орнотулууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Республикада коронавирус инфекциясынын пандемиясы жана медициналык жайларда орундардын жетишсиздиги шартында эскилеринде каптилдык ремонт жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө, ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы ооруканалар курулуп жатат.

Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы, Кемин районунун Орловка айылындагы, Чолпон-Ата, Каракол, Баткен, Көк-Жаңгак жана Жалал-Абад шаарларындагы медициналык мекемелердин капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери аяктады. Токмок, Талас жана Ош шаарларында жумуштар графиктин негизинде жүрүүдө, 2020-жылдын октябрь айында бүткөрүлөт.

Муну менен катар Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулушу графиктен артта калууда.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен таанышты.

Өкмөт башчы жумуштун создугуп жаткандыгына нааразычылыгын билдирип, иштин сапатына байланыштуу бир катар арыздар түшүп жаткандыгын белгиледи.

«Бардык курулуш жана көрктөндүрүү иштери кыска убакыттын аралыгында бүткөрүлүшү керек. Куруу жумуштары өз мөөнөтүндө аяктайт деп айтылган. Жетишпей калдыңар. Силерге дагы убакыт берилди. Бардык иштерди максималдуу түрдө ыкчам аяктоо зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

Ишти аткаруучу фирманын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Өкмөт башчыга объектиде жүргүзүлүп жаткан иштер, суу менен камсыздоо жана канализациянын туташуусу жөнүндө маалымат беришип, бардык жумуштар жакынкы аралыкта бүтөөрүн айтышты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасында өзүнчө интенсивдүү терапия жана реанимациялык блок каралганын маалымдашты. Ал эми бардык бөлмөлөр тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп берет. Курулуш жумуштары бүтөөрү менен медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу, жайгаштыруу иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий