• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө башчы Кемин, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын активи жана коомчулугу менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 27.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-сентябрда Чүй облусунун Кемин, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Салттуу «суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы мектептердин курулушу, Токмок шаарын газ жана жылуулук менен камсыздоо, социалдык обьектилердин ишмердиги жана башка маселелерге байланыштуу катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Алдыдагы президенттик шайлоолор тууралуу суроого жооп берип жатып Президент Алмазбек Атамбаев кайрадан таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүүнүн өзгөчө мааанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы бул туурасында Өкмөткө жана БШКга тиешелүү тапшырмалар берилгенин айтты жана администрациялык ресурстарды пайдаланууга, мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө жана добуштарды сатып алууга жол бербөө тууралуу эскертти. Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде окутуучу тарабынан студенттерге кысым көрсөтүү тууралуу арыз боюнча кылмыш иши козголгондугун маалымдады.

Президент шайлоолор таза жана ачык өтүшү үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп, алардын жыйынтыктарын жарандар түздөн түз эркин добуш берүү жолу менен аныктоого тийиш экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий