• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө башчы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Президент 0


Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-декабрда өлкөбүздүн Башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына аткаруу бийлигинин жана башка мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө жолу менен өлкөдө мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоону камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Ошондой эле Президентке Индира Жолдубаева прокуратура органдарынын коррупцияга каршы ишмердигиндеги негизги багыттар туурасында айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коомдо укук коргоо, күч жана сот органдарында коррупциялык иштер боюнча көп нааразычылыктар бар экендигин белгиледи. “Прокуратура мамлекеттик структуралардагы коррупцияга каршы тынымсыз жана келишпес күрөш жүргүзүп, мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин сакталышын катуу көзөмөлдөп, коомдун укуктук негиздерин коргоого милдеттүү. Мыйзамдардын так жана кыйшаюусуз аткарылышын катуу көзөмөлдөп, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарыл”, -деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий