• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө боюнча 1,2 миң мектепти компьютердик техника менен камсыздоо пландаштырылууда - Боронов

Билим 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Өлкө боюнча 1,2 миң мектепти компьютердик техника менен камсыздоо пландаштырылууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 10 мектептин химия, биология, физика кабинеттерин заманбап лабораториялык электрондук жабдыктар менен камсыз кылуу иштери башталган.

"1-декабрга карата 10 мектепте "Келекчектин мектеби" модели ишке кирет. Дүйнөлүк банктын "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында өлкө боюнча 1,2 миң мектептин компьютердик техника менен камсыздоо пландаштырылууда. Ал жылдын аягына чейин ишке ашат деп турабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий