• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө боюнча 1,7 миңге жакын майыптуулугу бар балдар жардам алышат

Коом 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын Кызыл Жарым ай коому ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын энелерин колдоого арналган кайрымдуулук акциясын баштады. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча 29 миң майып балдар бар. Өлкөнүн аярлуу катмарындагы жарандар - кирешеси аз, майыптуулугу бар балдарды тарбиялап жаткан энелер. Алар өлкөнүн алыскы аймактарында жашашат.

Ушундай үй-бүлөлөрдү кыш мезгилинде колдоо максатында Кыргызстандын Жарым ай коому Швейцариялык Кызыл Крест коому менен биргеликте кайрымдуулук кампаниясын демилгелеген. Аталган акциянын алкагында жардамга мукташ үй-бүлөлөр баардык керектүү азыктарды, дары-дармектерди, гигиена оокаттарын, кийим-кече жана башка нерселерди сатып беришет.

Аталган кампания Жалал-Абад облусунда Майыптардын эл аралык күнүнө карата 3-декабрь күнү старт алат. Жардам облустун алыскы аймактарында жашаган 200дөн ашуун үй-бүлөлөргө көрсөтүлөт. Жылдын аягына чейин өлкө боюнча дагы 1500 үй-бүлөгө жардам көрсөтүү пландалууда. Жардам алуучулардын тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана социалдык өнүгүү башкармалыктары менен биргеликте түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий