• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө боюнча 100дөй Эрте өнүктүрүү борборлору ачылат – Жусупбекова

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Өлкө боюнча 100дөй Эрте өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, Эрте өнүктүрүү борборлорун өлкөнүн ар бир аймагында ачуу пландалууда.

"Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге Эрте өнүктүрүү борборлорун ачууну көздөп жатабыз. Борбордо бир гана балдар эмес, ата-энелер да пайдалуу маалыматтарды ала алышат. Учурда 10 борбор бар, бирок биз жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана Маданият министрлиги менен бирге борборлордун санын 100гө жеткирүүнү колго алдык”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий