• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө боюнча 144 медикке бир жолку төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр берилди - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Өлкө боюнча 144 медикке бир жолку төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн 4-майдагы буйругунун негизинде 144 медкызматкерге бир жолку төлөнүүчү 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр берилди.

"Ошондой эле пандемия учурунда каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон төлөнүп берилген", - дейт ал.

Белгилей кетсек, республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 163 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 657 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий