• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө боюнча 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө боюнча 16 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Шопоков шаарында Октябрь көчөсү №10 дарегинде орун алган ашкананын 100 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Кара-Суу районундагы Каратай айылында Абдуллаев көчөсүндөгү бир сарайдын 84 чарчы метр чатыры, 60 түк чөп жана 100 түк пахта сабагы күйгөн. Өрт балдардын от менен ойногонунан келип чыккан.

Ошондой эле Кочкор-Ата шаарындагы Мурадиана көчөсү №19 дарегинде тиш дарылоочу мекеменин 250 чарчы метр чатыры, ичиндеги эмеректери күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий