• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө боюнча 22 медик коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.10.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында – 6, Баткен облусунда – 4, Ош облусунда – 8 жана Жалал-Абад облусунда – 4 медик ооруп калган.

"Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 415 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 85 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 11-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 306 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 230ду түзөт. Алардын ичинен 44 миң 395 адам айыгып чыкты, 1 миң 85 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий