• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат

Коом 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, аталган чечим мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк шарттарын кеңейтүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Аталган өнүктүрүү борборлорундагы билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келет.

Пикир

Оставить комментарий