• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинанын эки дозасын алгандар 518 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 409 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 913 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 496 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 731 миң 693 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 518 миң 257 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий